ИИМ: "Инаугурация учурунда тартип бузуу фактысы катталган жок"
Мамлекет башчынын кызматка киришүүсүнүн салтанаттуу процедурасын өткөрүү учурунда укуктук тартип бузулган жок. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 28-январь күнү Бишкекте президент Садыр Жапаровдун инаугурациялык аземи болуп өттү.
"Салтанаттуу иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын имаратында өттү. Ички иштер органдары башка укук коргоо органдары менен биргеликте инаугурация учурунда коомдук коопсуздукту жогорку деңгээлде камсыздашты. Мамлекеттин башчысы кызматына киришүү салтанатуу иш-чарасын өткөрүү учурунда Бишкек шаарында жолдорду жабуу жана чектөөлөрдү киргизүү болгон жок. Мамлекеттик маанилүү иш-чараны өткөрүүдө коомдук тартиптин бузулушуна жол берилген жок", - деп жазылат маалыматта.
Ички иштер министрлиги Бишкек шаарынын тургундарына кызматтык милдеттерин аткаруусуна түшүнүү жана толук жоопкерчилик менен мамиле кылгандыктарына терең ыраазычылыгын билдирет.

