Издөө салабыз! 18 жаштагы Асылбек Чыраков үч күндөн бери дайынсыз болууда
18 жаштагы Асылбек Чыраковго издөө салынат. Ал 26-январь күнү болжол менен саат 17:00дө Бөкөнбаев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Бул тууралуу Коомдук коопсуздук кеңешинин социалдык баракчасына жарыяланды.Ага ылайык, Асылбек учурда Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 1-курсунун студенти.
Өзгөчө белгилери: бою 175-180 сантиметр, арыкчырай дене түзүлүштө, чачы кара, кыска, кой көз.
Кийген кийимдери: күңүрт боз түстөгү күрмө, кара шым, сары түстөгү свитер, кара рюкзагы бар.
Изделип жаткан жаран тууралуу маалымат билгендер болсо, төмөнкү номурларга кайрылып коюуну жакындары өтүнөт: +996 755 074 720, +996 555 230 490.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















