"Серенада" ырынын аткаруучусу Жамал Абдукеримовага операция жасалды. Бирок боорун алмаштыруу зарыл
Бир учурда хит болгон "Серенада" ырынын аткаруучусу Жамал Абдукеримова көп каражат талап кылган операцияга муктаж экенин жазганбыз. Бүгүнкү күндө ырчы дагы деле дарылануусун Түркияда улантууда.
Аны менен байланышканыбызда, боорду алмаштырууга жетиштүү сумма топтолбогонун айтат.
"Дагы деле дарыланууну улантып жатам, туугандарымдын бири карап жатат. Бир жолу операция жасалды, ошондон кийин бир аз жылыш бар. Бирок ичиме дагы деле суу толуп жатат. Дарыгерлер боорду алмаштырыш керек дешти. Керектүү каражат топтолбой жатат, күткөндөн башка айлам жок", - дейт ал.
Буга чейин Жамал Абдукеримовага каржылык колдоо көрсөтүү демилгеси көтөрүлгөн. Кайрымдуу жарандардан 2 миң доллардай каражат топтолгон, бирок бул акча операцияга жумшалган.
Жамал Абдукеримова жазуучу, акын, обончу, режиссёр, журналист Садыралы Абдукеримовдун кызы. Ал 1981-жылы Аксы районуна караштуу Кербен шаарында төрөлгөн. Атасы Садыралы Абдукеримовдун "Серенада" деген ырын ырдап чыгып, элдин жакшылыктарында кызмат кылып келген.
Жардам берүүнү каалагандар:
Элсом 0779685668 - Медер Абдукеримов;
5276820275892708 - Зираат Банк, Түркия.
