super.kg logo

Бишкекте жалпы 101 мектепке 147 кайгуул кызматкери бекитилип, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууда

 

Бишкек шаары боюнча 101 мектепке 147 кайгуул кызматкери бекитилип, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууда. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Милициянын кайгуул кызматкерлери 18-январдан тартып орто мектептердин 1-5-9-11-класстардын окуучулары окуп баштагандыктан, окуучулар менен жолугуп, жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

"Бүгүн, 29-январда кайгуул кызматкерлери Бишкек шаарындагы №43 толук эмес орто мектепке, №70 жана №1 Гимназия-интернатына барып мектеп окуучулары менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу учурунда окуучулар үйдөн чыккандан тартып, мектепке келип кеткенге чейинки аралыкта өзүнүн коопсуздугун кантип сакташ керек, жөө жүргүнчүлөр билүүгө милдеттүү болгон жол белгилери тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп жазылат маалыматта.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: