super.kg logo

"Абалы начар". Эльвира Сурабалдиева Бишкектеги СИЗО-1ге барды (сүрөт)

 

Бүгүн, 29-январда вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Эльвира Сурабалдиева Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге барды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Эльвира Сурабалдиева нөөмөттүк жана медициналык-санитардык бөлүктөрдү, атайын ашкананы, тергөө иштери жүрүп жаткан адамдар жаткан камераларды жана соттолгондордун турак жайларын кыдырган.

"Жарандардын жашоо-шарты өтө начар. Имаратты капиталдык оңдоп-түзөө иштери көптөн бери жүргүзүлбөй, инфраструктурасы эскирип, жараксыз абалга келип, айыпталуучу жарандарга жана иштеген кызматкерлерге кыйын болуп жатат. Камералардын абалы начар. СИЗО-1ге жаңы имарат куруу боюнча ишти бир нече этапта күчөтүү керек", - деген Сурабалдиева.

Мындан тышкары, вице-премьер Саламаттыкты сактоо министрлигине мекемени "Тез жардам" унаасы менен камсыз кылуу маселелерин чечүүнү, ошондой эле жазык-аткаруу тутумунун медициналык кызматкерлеринин квалификациясын акысыз негизде өркүндөтүүнү тапшырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
29.01.2021. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Андан көрө больницаларды, мектептерди оңдогон жакшы болсо керек.
29.01.2021. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
камалгандар деле адамдар да билип билбей кылганы бар жөн жерден жатканы бар
30.01.2021. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сурабалдиева сен дагы озуно койка даярдап жатат окшойсун пускай кандай болсо ошондой турсун. Ал Жак эмне сонотория беле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: