Эмил Каптагаев барымтадан бошотулду

Караколдо митингчилердин барымтасынан облус башчы Эмил Каптагаев бошотулду, бирок анын кайда экени азыр белгисиз. Муну укук коргоо кызматкерлеринин бири билдирди. Ал элди күчтүү үн чыгаруучу жардыргыч заттарды колдонуп таратуу учурунда бошотулду. Укук коргоо кызматкерлери тарабынан митингдин уюштуруучулары кармалып жатканы айтылды. Аймактык кабарчыбыз Жанат Туратбековдун айтымында, учурда борбордук аянт бошоду, чогулгандар тарашты.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

