Базар-Коргондо өткөн жылы 19 кылмыштын бети ачылып, издөөдө жүргөн 2 кылмышкер кармалды



Өткөн жыл ичинде Базар-Коргон РИИБинин аймактык милиция кызматкерлери тарабынан 19 кылмыштын бети ачылып, издөөдө жүргөн 2 кылмышкер кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бүгүн, 29-январь күнү Базар-Коргон РИИБинин Акман айыл аймагы боюнча участкалык инспекторлордун 2020-жылы аткарган жумуштары жергиликтүү тургундардын талкуусуна коюлду. Бул жыйынга Жалал-Абад ОИИБдин жетекчисинин милдетин аткаруучу Нурбек Сыдыков, Базар-Коргон районунун акими Бакыт Козуев, Акман айыл аймагынын башчысы Марсель Көкөнов, айылдык кеңештин депутаттары, айыл аксакалдары, мектеп директорлору жана жергиликтүү тургундар катышты.
"Түнкү убакыттарда спирт ичимдигин саткан дүкөндөрдүн иштөө убактысын кароо сунуштары белгиленди. Жыйында Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилигинин милдетин аткаруучу Нурбек Сыдыков жергиликтүү тургундардын суроо-талаптарын угуп, аларды кылмыштуулуктун алдын алууда милицияга көмөктөшүүгө чакырды. Зордук-зомбулук фактылары катталып жаткан үй-бүлөлөргө аксакалдар менен биргеликте профилактикалык жумуштарды күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле түнкү убакыттарда балдарын себепсиз көчөгө чыгарбоого, мал-жандыктарын көзөмөлсүз калтырбоого үндөдү", - деп жазылат маалыматта.
