super.kg logo

Бишкектин криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери унаа уурдоого шектүү жаранды кармашты

 

Бишкектин криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери унаа уурдоого шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 20-январь күнү Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда чала таанышына чара көрүүнү суранып кайрылган. Анда Жаанбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жанында турган Honda Avancier үлгүсүндөгү унаасын айдап белгисиз тарапка качып кеткени жазылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 1997-жылы туулган Т.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми Ленин райондук соту шектүүнүн баш коргоо чарасын карап, СИЗО-1ге 2 айга камакка алган. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: