super.kg logo

Садыр Жапаров: "Мени менен сүрөткө түшкөндөрдүн 99 пайызын тааныбайм"

 

Бүгүн, 30-январда Кыргыз өлкөсүнүн жаңы шайланган президенти Садыр Жапаров аны менен сүрөткө түшкөндөр тууралуу пикирин билдирди. Бул тууралуу президенттин социалдык тармактагы расмий баракчасына билдирүү жарыяланды. Анда Жапаров аны менен бирге түшкөн сүрөтүн көрсөтүп, маселемди чечип бер деген жарандар болсо, андайларга ишенбөө керектигин билдирген.

"Урматтуу кыргызстандыктар! 6-октябрдан бери миңдеген жарандарыбыз менен сүрөткө түштүм. Айрыкча октябрь айларында кабылдамага ар кандай иштер менен келген адамдардын баары сиз менен сүрөткө түшүп алайынчы деп суранса жок дей албайт экенсиң. Шайлоодо үгүт учурунда жүргөн мезгилде дагы миңдеген адамдар менен сүрөткө түшүү болду.

Чынымды айтайын, ошолордун 99 пайызын тааныбайм. Айтайын дегеним, адам баласы бар жерде баары болот дегендей, мени менен түшкөн сүрөтүн көрсөтүп, кызмат орундарын же башка бир маселесин чечүү максатында колдонуп жүргөндөрдүн бети ачылып калып жатат. Ошондуктан бирге түшкөн сүрөт көрсөтүп, маселемди чечип бер дегендерге алданбагыла жана дароо бизге кабар берип койгула. Жазасын беребиз", - деп жазылат билдирүүдө Жапаров.

Бул маалыматты SUPER.KG порталына президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек да тастыктады.

"Ооба, бул билдирүү туура. Садыр Жапаров аны менен сүрөткө түшкүсү келгендерге ак ниет менен макул болуп сүрөткө түшсө, ал сүрөттү колдонгондор да болуп жатыптыр. Мындан улам ал катталуучуларына бул тууралуу билдирип коюуну туура көрдү", - деди Байтерек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 12 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: