super.kg logo

"Жеке тааныштыгыбыз кылмыш ишин тергөөгө таасирин тийгизбейт". Камчыбек Ташиев Анаркуловдун кармалышы боюнча үн катты

 

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев президенттик аппараттын басма сөз кызматынын башчысы Нургазы Анаркуловдун кармалышы боюнча комментарий берди. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлады.

Анда Ташиев Анаркуловду жеке өзү көп жылдан бери тааный турганын, ага карабай эгер күнөөлүү экени анык болсо жоопко тартыла турганын билдирген.

“Ишибизге байланыштуу бир нече ирет жолубуз бириккен, башыбыздан көп нерселер өткөн. Аны жакшы жагынан гана билем. Бирок аны утурлай, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана жогорку мамлекеттик кызматка талапкерди жумушка орноштуруу үчүн пара талап кылган деген шек менен кармашкан. Мындай мыйзамсыз аракеттер жарандардын бийлик өкүлдөрүнө болгон ишенимине терс таасирин тийгизип, өлкө жетекчилигинин эл алдындагы беделин түшүрөт. Эгерде ал чындап эле коррупцияга аралашса, анда ал мыйзамдын толук чегинде жооп берет. Биздин жеке тааныштыгыбыз жана жылуу мамилебиз бул кылмыш ишин тергөөгө эч кандай таасирин тийгизбейт. Дагы бир жолу баса белгилегим келет, даражасына, социалдык абалына, тууганчылыгына, улутуна жана башкаларга карабастан коррупцияга күнөөлүүлөр аныкталып, жоопко тартылат ", - деген Ташиев.

Эске салсак, бүгүн, 30-январда ири өлчөмдө пара талап кылган деген шек менен президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 14 
Комментарийлер(2)
30.01.2021. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Королу эми
30.01.2021. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Азаматтар жакшы иштерди жасап жатышат. Кудай кааласа баары жакшы болот. Алга таза Кыргызстан! ! !
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: