super.kg logo

Ала-Бука районунда оор кылмыштын бети ачылды

 

ИИМдин кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда катталган кылмыштын бети ачылганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Ушул жылдын 13-ноябрында укук коргоо кызматкерлери тарабынан 1957-жылы туулган Э.Анын жансыз денеси табылган. Текшерүүдө маркумдун сабалып өлтүрүлгөнү аныкталып, Кылмыш кодексинин 97-беренеси боюнча (уюшулган топтун күч колдонуу менен адам өлтүрүүсү) кылмыш иши козголуп, кылмышкерлерди издөө иштери башталган. Иликтөө иштеринен кийин кылмышка шектүү деп 4 адам кармалды. Кармалгандардын үчөөсү 1994-жылы туулган болсо, бирөөсү жашы жете элек өспүрүм экени белгилүү болду. Маалым болгондой, алар Э.А. жашаган үйгө ууруга кирип, үй ээси капысынан келип калганда күч колдонуп сабап, качып кетишкен. Учурда кармалган жарандар атайын кармоочу жайга киргизилишти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
03.12.2012. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акмактар,озунон 4эсе жашы чон кишини сабап качкан жакшыбы? Кудайым жазанарды берсин силердин. Дагы адам катарына кантип кошулуп калдынар? Айбансынар....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: