super.kg logo

Көз жоосун алган мечит! Ислам Каримовдун кызы атасынын туулган күнү менен куттуктагандарга ыраазычылык билдирди (видео)

 

Бүгүн, 30-январь Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримовдун туулган күнү. Бул күн президент Шавкат Мирзийоевдин "Өзбекстан Республикасынын биринчи президентинин элесин түбөлүккө калтыруу жөнүндө" жарлыгы менен бекитилген.

Ал эми Каримовдун кызы Лола Тилляева социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазып, атасынын туулган күнү менен куттуктагандарга ыраазычылык билдирди.

"Бүгүн менин атам Ислам Каримовдун туулган күнүндө, сиздердин назарыңыздарга 2016-жылы Ташкентте курулуп, анын урматына аталган "Ислам Ота" мечити жөнүндө тасманы тартуулайбыз. 2015-жылы жазында толугу менен күйүп кеткен эски "Журабек" мечитинин ордуна "Ислам Ота" мечити курулган. Мечит 5,4 миң чарчы метр аянтты ээлейт жана Ташкент шаарынын борбордук бөлүгүнүн кире беришинде жайгашкан.

Мага жана жолдошума мечиттин имаратын жандандырууга мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн Кудайдын ырайымына таазим этем. Мечит президент Ислам Каримов каза болгондон бир айдан кийин ачылып, “Ислам Ота” деген аталышка ээ болот деп күткөн эмеспиз. Бүгүн менин атамды эскерип, туулган күнү менен куттуктагандарга чын ниеттен ыраазычылык билдирем", - деп жазды Каримовдун кызы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: