super.kg logo

"Абдан окшош". Коронавирустун келип чыгышын изилдеген эксперттер ооруну алгачкы болуп жуктурган адамды дарылаган ооруканага барышты

 

Коронавирус инфекциясын аныктоо үчүн Кытайдын Ухан шаарына барышкан Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) эл аралык эксперттер тобу коронавирусту эң алгач жуктурган адамды дарылаган шаардык ооруканага барышты. Мындай маалыматты эксперттер тобунун мүчөсү Марион Купманс социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Жугуштуу ооруларга адистешкен жана Ухандагы биринчи коронавирус менен ооруган адамды дарылаган шаардык ооруканадан келдик. Ал жактагы окуялар биздин дарыгерлерибизден уккан окуяларга абдан окшош", - деп жазган ал.

Учурда Кытайда COVID-19тун келип чыгышын иликтеген ДССУнун эл аралык эксперттик тобу иштеп жатат. Адистер Кытайдын Ухан шаарына 14-январда барышкан. Коронавирустун келип чыгышын билүү үчүн түзүлгөн эксперттик топко Япония, Катар, АКШ, Германия, Вьетнам, Австралия, Орусия, Нидерланды, Улуу Британия жана Даниянын өкүлдөрү кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
31.01.2021. 02:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оздору таратып алып эле Оздору изилдемиш болуп журо бериште экенда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: