super.kg logo

Башкы прокуратура Караколдогу тополоң боюнча кылмыш ишин козгоду

 

Бүгүн, 7-октябрда Караколдогу борбордук аянтта өткөн митинг боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду. Муну Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. "Бийлик өкүлүн барымтага алуу", "бейбаштык", "өлтүрөм деп коркутуу" беренелери боюнча иш козголду. Ишти тергөө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына тапшырылды. ИИМ митингде жаракат алган укук коргоо кызматкерлери бар экенин билдирди.  

Эске салсак, 7-октябрда борбордук аянтка чогулган митингчилер түшкө жакын эл алдына чыккан облус башчы Эмил Каптагаевди барымтага алышып, автоунаанын ичинде кармап отурушту. Кечинде тартип сакчылары митингчилерди күчтүү үн чыгаруучу жардыргыч заттар менен кууп таратып, Каптагаевди бошотушту. Митинг "Кумтөр" боюнча өтүп, чогулгандар ишкана боюнча келишимди денонсациялоону талап кылып турушту.  


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.10.2013. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушу митингди Бишкекте кылбайсыңарбы? Садыровдун кадырын эми билесиңер! Жан талашып Кумтөр Үчүн жанын садака чаппады беле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: