super.kg logo
  Саясат  

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов Кыргыз-Казак чек арасындагы "Акжол" өткөрмө пунктуна барды

 

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Максат Мамытканов Кыргыз-Казак мамлекеттик чек арасындагы "Акжол - автодорожный" көзөмөл-өткөрүү пунктунун реконструкцияланышынын жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдашты.

Кыдыруу учурунда белгиленгендей, реконструкциялоо планы боюнча көзөмөл-өткөрүү пунктунун оңдолушу 2020-жылдын соңуна дейре бүткөрүлүүгө тийиш болчу. Бирок коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу оңдоо иштеринин мөөнөтү 2021-жылдын биринчи кварталына чейин узартылган.

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу белгилегендей, өткөрүү пунктун реконструкциялоо – бул мезгил талабы.

"Көзөмөл-өткөрүү пункту – бул өлкөнүн жүзү. Чек арабызды кесип өтүүчү ар бир адам үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү зарыл. Биздин өлкө тууралуу коноктордо жакшы пикир калуусу керек. Буга анын техникалык жактан жабдылышы, эл стандарттарга шайкеш келүүсү, ошондой эле чек ара кызматкерлеринин жарандарга карата жасаган кичипейил мамилеси да кирет. Бекеринен кыргыз элинин меймандостугу даңазаланбайт", - деген Максат Мамытканов.

Андан соң ал белгилегендей, өзгөчө көңүлдү оңдоо иштеринин сапатына буруу керек.

"Көзөмөл-өткөрүү пунктун реконструкциялоонун сапаты бардык эл аралык талаптарга дал келиши зарыл. Бир жыл же эки жыл өткөн соң кайрадан оңдоо иштерине муктаждык жаралбашы керек. Сапатты көзөмөлдөө жогорку деңгээлде жүргүзүлүүгө тийиш",- деп белгиледи ал.

Кыдырып чыгуу жыйынтыгы боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын жетекчилигине оңдоо иштеринин бүткөрүлүшүн жеке көзөмөлгө алуусу тапшырылды.

Максат Мамытканов белгилегендей, бир айдан соң ал аталган көзөмөл-өткөрүү пунктуна кайрадан келет.

Эскерте кетсек, «Ак-Жол - автодорожный» өткөрүү пунктун модернизациялоо 2020-жылдын март айында башталган. Модернизациялоо боюнча иштер республикалык бюджеттен каржыланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: