super.kg logo
  Спорт  

"Айып пулду 7 мүнөттө табат". Криштиану Роналду сүйүктүүсү үчүн карантин эрежелерин бузду

 

Атактуу футболчу Криштиану Роналду коронавирус пандемиясынан улам киргизилген карантин эрежелерин экинчи ирет бузду. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, футболчу сүйүктүүсүнүн 27 жашка чыгышын белгилөө үчүн эки күндүк кыска мөөнөттүү эс алууга Курмайёр шаарындагы тоого барышкан. Түгөйлөр тоого барыш үчүн кызгылт сары зонада жайгашкан Пьемонт жана Валле-д'Аоста аймактарынан өтүшкөн. Ал жерде туристтик сапарларга тыюу салынган.

Мындан улам Роналду менен анын сүйүктүүсү Жоржина Родригеске 400 евро өлчөмүндө айып пул салынат. Эң кызыгы, Роналду бул акчаны жети мүнөттө таба алат.

Криштиану Роналду буга чейин коронавирус инфекциясын Португалияда жүргөндө жуктуруп алып, ага карабастан Турин шаарына барып, карантин эрежесин бузган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
01.02.2021. 06:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Инстаграм баракчасында кунуго 1млн андан да ашык катталуучу кошулат,250 млн дон ашып калды катталуучусу, дуйно жузу боюнча эн коп подписчиги бар ушул экен
01.02.2021. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кеп анын акчаны тапканында эмес да . Адамдык касиетинде болуп жатпайбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: