Бүгүн Бишкекте абанын булгануу деңгээли бир топ төмөндөдү
Бүгүн, 31-январда саат 10:10го карата Бишкек шаарында абанын булгануу деңгээли бир топ төмөндөдү. Мындай маалыматты "МувГрин" жаштар кыймылынын интернет баракчасынан көрүүгө болот.
Ага ылайык, Бишкектин бир нече жерине абанын булганышын ченөөчү приборлор орнотулган. Приборлордогу маалыматтарды Эйрказ.орг сайтынан онлайн түрүндө көрүп турууга мүмкүн.
Абдыкадыров көчөсүндөгү учурдагы көрсөткүч - 97 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч – 144). Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда орточо эсеп менен куб метрге 25 микрограмм болгон көрсөткүч норма катары саналат.
Москва жана Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде учурдагы көрсөткүч - 25 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 41 микрограмм).
Чыгыш-5 кичи району – 166 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 86 микрограмм).
