Эртең өлкөдө кандай аба ырайы күтүлөт?
Эртең, 1-февралда түнкүсүн Баткен облусунун жана Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлады.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз +6…+11;
Талас жергесинде түнкүсүн 0…-5, күндүз +5…+10;
Баткен облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз +7...+12;
Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -2 …+3, күндүз +7…+12;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…-7;
Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -2…-7;
1-февралда Бишкек шаарында кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз +…+11 градус болору күтүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:48
2025-08-03
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.