super.kg logo

"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 102 миллион 931 миң 816 адам жуктуруп алды

 

Бүгүн, 1-февралга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 102 миллион 931 миң 816 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 57 миллион 15 миң 794 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 227 миң 74 адам илдеттен каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 26 миллион 183 миң 915 болду. 441 миң 319 адам каза болсо, 12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 10 миллион 746 миң 183 адамдан аныкталды. 154 миң 274 адам каза болсо, 10 миллион 423 миң 125 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 9 миллион 204 миң 731 адам вируска кабылган. 224 миң 504 бейтап көз жумса, 8 миллион 175 миң 360 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: