super.kg logo

Баткен облусутук музыкалык драма театрынын кызматкери жол кырсыгынан улам каза тапты

 

Апаз Жайнаков атындагы Баткен облусутук музыкалык драма театрынын кызматкери Бекназар Абдырахманов 25 жашында унаа кырсыгынан улам мезгилсиз дүйнө салды. Бул тууралуу театрдын маалымат кызматы кабарлады.

"Театрыбыздын кызматкери Бекназар Гапарович кырчындай курагында, 25 жашында унаа кырсыгынан улам каза болду. Жумшактыгы, жөнөкөйлүгү, боорукердиги менен өзгөчөлөнүп турган кесиптешибизди жоготуп, учурда кабыргабыз кайышып, жүрөгүбүз канап, дүйнөбүз караңгы тартып турат. Кесиптешибиз театрда жарык берүүчү оператор кызматында эмгектенип келе жаткан. Театрыбыздын өнүгүшүнө болгон күч-аракетин жумшап, өмүрүн арнады. Анын көшөгө артындагы эмгеги эбегейсиз! Бекназардын ата-энесине, жакындарына көңүл айтабыз", - дешти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: