"Үйгө уурулукка киргендер көп" Сокулуктун Новопавловка айылына Чүй ОИИББинин башчысы барды




Чүй ОИИББинин жетекчилиги Сокулук районунун Новопавловка айыл жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Жолугушу 30-январь күнү болгон. Анда Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Сапарбек Асаналиев, Сокулук РИИБинин башчысы Чыңгыз Керимкулов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү айыл тургундары менен жолугушуу өткөрүштү.
Жолугушууда жергиликтүү тургундар айылда үйлөргө жасалган уурулуктардын көп катталуусу түйшөлткөн маселелерден экенин айтышты.
"Учурда Ново-Павловка айылдык милиция бөлүмчөсүндө 30 дан ашуун кызматкер, жалпы 77 миң киши жашаган Ново-Павловка жана Военно-Антоновка айыл аймактарын тейлешет. Өткөн жылы аталган айылдык милиция бөлүмү тарабынан 400 дөн ашык кылмыштардын жана жоруктардын бети ачылган. Анын ичинен 252 кылмыш иши криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан ал эми милициянын аймактык тескөөчүлөрү тарабынан 180 кылмыштардын жана жоруктардын бети ачылган", - деп жазылат маалыматта.
