Исхак Масалиев: "Камчыбек Жолдошбаевдин “ме сага” жаңсоосу - Жогорку Кенештин депутаттарынын көрсөткүчү"
Экс-депутат Исхак Масалиев резонанс жараткан окуя жөнөкөй жарандар менен мамлекеттик чиновниктердин ортосунда пайда болуп жаткан ажырымды көрсөтөт деп эсептейт.
Ал социалдык тармактагы жеке баракчасына Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин жол тандабастын терезесинен жаранга адепсиз ишаратын көрсөткөн аракетин сынга алган билдирүү жарыялады.
"Ме сага! Уялчаак депутат - Камчыбек Жолдошбаев эки күндөн бери интернет желесинде жүрөт. Үч бармактуу комбинацияны көрсөтүп, ме сага деп! Бир ой - ушул мамиле, жалпы Жогорку Кенештин депутаттарынын көрсөткүчү. Мыйзамсыз мөөнөтүңөрдү узарттыңар десе - ме сага, мыйзамдарды одоно түрдө буздуңар десек - ме сага, кеткиле десе - ме сага...
Жөнөкөй жарандар менен бийликте отурган адамдардын ортосундагы ажырым өсүп баратат.
Түшүнбөсөң - камап таштайбыз", - деген Масалиев.
Эске салсак, депутат Камчыбек Жолдошбаевдин катышуусундагы видео буга чейин социалдык тармакка тарап, кызуу талкууга алынган. Видеодо көрүнгөндөй Жолдошбаевден күбөлүгүн сурап, видеого тартып жаткан адамга депутат сөгүнүп, манжасын көрсөтүп, унаасы менен кетип калганын көрүүгө болот.
Кийинчерээк Милициянын кайгуул кызматы эл өкүлү бара жаткан жолтандабас 2 унааны сүзүп кеткенин кабарлаган.
Камчыбек Жолдошбаевдин манжасын көрсөткөн видеосу тарады






1 |