"Азыр расмий тараптан, элден колдоо бар". Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев билдирүү таратты

"Кечээ социалдык тармактарда менин кызматтан алынарым тууралуу маалыматтар тарады. Азыр расмий тараптан колдоо бар. Жаңы шайланган президент мага ишеним көрсөтүп, аткарган иштерим боюнча ыраазы экенин айтты. Коомчулуктун мага болгон колдоосу менин мындан аркы иштериме дем-күч берип, ошол эле учурда эл алдындагы жоопкерчилигимди күчөттү. Ар бириңиздердин колдооңуздарга ыраазычылык билдирем. Жакынкы аралыкта министрликтин реформалык кадамдары тууралуу иш-мерчемдерибизди жарыялап, коомчулуктун жана президенттин, Жогорку Кеңештин, өкмөттүн колдоосу менен ишке ашырууну баштайбыз",- деди Бейшеналиев.
Белгилей кетсек, кечээ 31-январда социалдык тармактарда билим берүү жана илим министрин кызматтан алуу каралып жаткандыгы боюнча маалымат тараган. Анын ордуна Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректорунун талапкерлиги каралып жаткандыгын депутат Жанар Акаев жазып чыккан. Коомчулукта бул маселе кызуу талкууга алынып, Алмазбек Бейшеналиевдин ордунда калуусун талап кылган пикирлер арбын жазылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:48
2025-08-03
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(1)
Pankration_MMA

01.02.2021. 13:08
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Жанар баарибир азаттыктан калган чагымчылдык сапаттарың калыптанып калган экенда!!!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.