Балдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча план иштелип жатат
Кыргыз өлкөсүндө үй-бүлөнү колдоо, балдарды коргоо жана аларга карата зомбулукту алдын алуу боюнча план иштелип чыгууда. Бул тууралуу бугун, 1-февралда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 26-27-январында Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, “Балдардын Укугун Коргоочулардын Лигасы” Коомдук Фондунун техникалык колдоосу менен 2021-2024-жылдарга үй-бүлөнү колдоо, балдарды коргоо жана балдарга карата зордук-зомбулукту, ырайымсыз мамилелерди болтурбоо боюнча планынын долбоорун талкуулоо боюнча коомдук угуу өткөргөн.
План төмөнкү бөлүктөрдөн турат: Үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо чөйрөсүндөгү укуктук-ченемдик базаны өркүндөтүү, үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун, деңгээлин жогорулатуу, балдарга, алардын ата-энелерине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) балдарды колдоо боюнча укуктук билим берүү жана маалыматтык камсыздоо.
Бул онлайн талкуулоого 160 өкүлдөр катышты:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрү;
- шаардык мэриялардын өкүлдөрү;
- аймактык балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу кызматтардын, балдарды кароо борборлорунун кызматкерлери, жана ошондой эле зордук-зомбулуктан, ырайымсыз мамилелерден жана кыйноодон жабыркаган балдарга жардам көрсөтүү боюнча суроолор менен атайын алектенген коомдук уюмдардын адистери.
2021-жылдын 10-февралына чейин бардык кызыккан адамдар жана уюмдар Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин электрондук почтасына depdeti@mail.ru сунуштарын жиберсе болот, иш-мерчемдин долбоору менен - https://drive.google.com/drive/folders/1PC6EcHzeikp37CZpvLUhvMjasDP26dVL?usp=sharing ссылкасы аркылуу таанышсаңыздар болот.
