super.kg logo

"Тулпар" картасын акысыз каттоо акциясы узартылды

 

"Тулпар" картасын акысыз каттоо акциясы узартылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, картаны түзүү үчүн "Тулпар" тиркемесин жүктөп, андан кийин жеке кабинет ачып, виртуалдык картаны акысыз жоболоштуруу керек.

"Жол кире акысын төлөө үчүн "Тулпар" тиркемесин ачып, виртуалдык картаны басуу керек. Андан соң байланышсыз төлөмдүн белгисин басып, валидаторго телефонду жакындатыңыз, анан ийгиликтүү аяктоонун сигналын күтөсүз. Телефон интернетке кошулуу болуусу зарыл.

"Тулпар" виртуалдык карта NFC колдоосу бар андроид-смартфондордун ээлери үчүн гана жеткиликтүү", - деп жазылат маалыматта.

"Тулпар" акысыз виртуалдык картасы - бул кыска аралыкта жайгашкан (10 см чейин) жогорку жыштыктагы зымсыз байланыш технологиясы. Бул кыска аралыкта жайгашкан түзмөктөрдүн ортосунда, мисалы, окурман терминалы менен уюлдук телефондун же пластик смарт-картанын ортосунда маалыматтарды алмашуу мүмкүнчүлүгүн берет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: