super.kg logo

"Буйрук аткарылган эмес!". Балбак Түлөбаев эки вице-мэрге эскертүү берди

 

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев эки вице-мэрге, Азамат Сагындык уулу жана Азиз Алымкуловго эскертүү берди. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Шаар куруу жана архитектура боюнча вице-мэр Азамат Сагындык уулу 1999-жылдын 16-июнунда курулган жеке турак үйлөрдү легалдаштыруу, ошондой эле шаар жашоочуларынын үйлөрүн камсыз кылуу жана "Бугу-Эне-Багыш" конушундагы электр жарыгы жана ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча сунуштарын 26-январга чейин бериши керек болчу. Ошондой эле калаанын транспорт маселеси боюнча вице-мэри Азиз Алымкулов "Бугу-Эне-Багыш" конушуна жаңы маршруттук каттам линиясын киргизүү сунушун иштеп чыгышы зарыл болчу.

Бирок вице-мэр Азамат Сагындык уулу тарабынан берилген тапшырмалардын аткарылышы белгиленген тартипте берилген эмес. Транспорт маселеси боюнча вице-мэри Азиз Алымкулов аткаруу пункту боюнча маалымат берилген, бирок буйрук аткарылган эмес. Натыйжада эки вице-мэр тартиптик жазага тартылышты", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: