super.kg logo

Италияда үйлөр кайрадан бир еврого сатыла баштайт

 

Италияда үйлөр кайрадан бир еврого сатыла баштайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Италиянын түштүк тарабындагы Фоджа провинциясындагы Биккари коммунасынын мэри аталган аймакта калктын саны азайгандыктан үйлөрдү бир еврого сата тургандыгын жарыялады. Бирок үйдү сатып алган адам 3 жыл ичинде турак-жайды оңдоп-түзөөдөн өткөрүшү керек.

Биккари коммунасы Апулиянын түштүк-чыгыш аймагында жайгашкан. Азыркы учурда эки миңге чукул калк жашайт. Аталган аймакта жаш муундар башка чоң шаарларга жумуш издеп кетип калышкан. Калктын дээрлик көпчүлүк бөлүгүн улгайган адамдар түзөт.

Калктын санын көбөйтүү жана Биккарини жандандыруу максатында мэр Жанфилиппо Миньон Италиянын башка шаарларын туурап, үйлөрдү бир еврого сата тургандыгын жарыялады.

"Жергиликтүү тургундар башка аймактарга кетүүнү улантып жатат. Алардын көпчүлүгү бул жакка кайра кайтып келишпейт. Мындан улам үйлөр бош калууда", - деген аталган аймактын мэри Жанфилиппо Миньон.

Мындан тышкары ал аймак кооз жаратылышы менен мактанууга арзый турганын кошумчалап өткөн.

"Биккари Дауния тоолору, жыш токойлор, талаалар, зайтун бактары жана көл менен курчалган. Ал жерден Адриатика деңизин, Тремити аралын көрө аласыз", - деп кошумчалап өткөн Жанфилиппо Миньон.

Буга чейин мындай арзан үйлөр Италиянын аймагында сатыла тургандыгы кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(8)
02.02.2021. 08:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин Ташкөмүр шаарына окшогон жер экен го
02.02.2021. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бекеринен кетпезе керек жумуш жок окшойтда
02.02.2021. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тегиз жер болгондо бармакмын
02.02.2021. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
janyll, Баткенге бар да, жерлер бекер эле кетип жатат. Олкого пайдан тийет аз болсо да
02.02.2021. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сонун жер экен
02.02.2021. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Иш таап берсе барат элек
02.02.2021. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кайсыл Жака кайрылсак болот супер толук малымат бериниздерчи
Кыргызстан да Италия нын посольство су барбы
03.02.2021. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чогултуп туруп баарыбыз 10 чакты уйду алсак,коптошуп ремонт кылып,эс алганы барсак болот экен.Балык кармап,денизге чыгып дегендей.А жашоого болбосо керек.
А Баткенден 1 еврого уй сатылса мен барып жашамакмын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: