Баткенде инвестиция тартуу жолу менен 10 айылда таза суу чыгарылды
Баткен облусунун жалпы 10 айылы, инвесторлордун, жергиликтүү бийлик жана жергиликтүү элдин аракети астында, ичүүчү таза суу менен камсыз болушту. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2020-жылы Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Аэропорт участкасына Андиген таза суу линиясынан 5 чакырым аралыктан таза суу тартылган.
"Жергиликтүү бюджет эсебинен 240 000 сом жана “Ас-Сафа” Коомдук бирикмеси тарабынан 710 000 сом менен каржыланды. Баткен шаарынын Токтогул-Олуя конушуна «Кувейт Ас-Сафа коомдук фонду» тарабынан 3,0 чакырым аралыкка таза суу түтүктөрү тартылды. Долбоордун жалпы суммасы 1,5 миллион сомду түзөт. Анын ичинен фонд тарабынан 1,4 миллион сом, жергиликтүү бюджет тарабынан 0,1 миллион сом бөлүнгөн. Кадамжай районунда, Масалиев айыл аймагынын Лесхоз айылына Ассалям Эл аралык коомдук фондусунан 8100 метр аралыкка таза суу түтүгү тартылып, 1,5 миллион сом жумшалып пайдаланууга берилди. Бирлик айыл аймагынын Сур айылына 1200 метр аралыкка таза суу түтүгү тартылып, Ассава коомдук фондунан 1,5 миллион сом, жергиликтүү бюджеттен 250 миң сом, коомчулуктан 2,75 миллион сом, жалпы 4,5 миллион сом жумшалып, пайдаланууга берилди", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Орозбеков айыл аймагынын Кудук айылына 1400 метр аралыкка Кувейт коомдук фондунан -146,0 миң сом, райондук мамлекеттик администрациядан - 30,0 миң сом, айыл өкмөттүн эсебинен -15,0 миң сом, коомчулуктан - 176,0 миң сом, жалпы 367,0 миң сом каржыланып ичүүчү суу чыгарылган.
"Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтү Ассалям Эл аралык кайрымдуулук фондусунан 3,0 миллион сом каржыланып, таза суу тартылды. Алга айыл өкмөтү KOIKO уюму тарабынан долбоордук сметасы 2,59 миллион сом жумшалып, таза суу түтүгү пайдаланууга берилди. Марказ айыл өкмөтүндө KOIKO уюму тарабынан 4,8 чарчы метр аралыкка таза суу тартылып долбоордук сметасы 2,54 миллион сом жумшалып пайдаланууга берилди.
2021-жылдын январь айында Майдан айыл аймагынын Бак айылына “Абийир” коомдук кайрымдуулук фонду 350 миң сом каржылык колдоо көрсөтүп, Майдан айыл өкмөтү, суу чыгаруу үчүн зарыл болгон трансформатор, 12 жогорку чыңалуудагы мамычаларды, электр зымдарын сатып алууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен каражат бөлгөн. Ал эми айыл эли, 1000 литр суу кампасынын курулуш иштерин колго алышкан. Исфана шаарынын Ак-Булак айылынын таза суу системасы реабилитацияланып таза суу берилүүдө. Долбоор 2019-жылы Ас-Сафа өнүктүрүү фонду тарабынан колдоо таап, элдин жана жергиликтүү органдардын салымы менен жалпы суммасы 4 миллион 900 миң сомдук жумуштар аткарылды. Суу системасынын жалпы узундугу 7 чарчы метрди түзөт", - деп кошумчаланат маалыматта.


1 |