super.kg logo

Ошто өспүрүмдөргө рейд жүрүп, анда жети бала балдар үйүнө өткөрүлсө, 4 ата-энеге протокол түзүлдү

 

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 30-31-январь күндөрү Ош шаарынын аймагында «Кайырчы» деген аталыштагы профилактикалык рейд өткөрүштү. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Рейд учурунда шаар аймагында кароосуз калган, оор социалдык шарттарда жашаган, тилемчилик менен алектенген жаш өспүрүмдөрдү аныктоо, аларды мыйзамсыз эмгекке тартуунун алдын алуу учурларына өзгөчө көӊүл бурулду.

"Ош шаарынын аймагында кайырчылык менен алектенип жүрүшкөн 29 өспүрүм аныкталды. Алардын ичинен жети өспүрүм балдар үйүнө орноштурулду. 22 өспүрүм балдарды реабилитациялоо борборуна жеткирилип, ата-энелери, жакын туугандары менен маектешүүлөрдөн соӊ эскертүү берилип коё берилди.

Жашоо-шарт

ы оор жагдайда жашаган 4 өспүрүм тууралуу алардын мындан кийинки ал-абалдарын, жашай турган жерин карап чыгуу максатында тиешелүү маалыматтар Ош шаарынын мэриясынын алдындагы балдар комиссиясына жөнөтүлдү.

Рейд учурунда ишке тартылган 18 жашка чейинки 18 өспүрүмдүн ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 4 ата-энеге бузуулар жөнүндөгү кодексинин 61-беренесине ылайык протоколдор түзүлдү. Интернет клубдарында отурушкан 31 өспүрүм аныкталып, эскертүү менен ата-энелерине өткөрүлүп берилди.

Рейд учурунда мурда катталган 16 кылмыштын бети ачылды", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: