super.kg logo

"Эки кабаттуу мектеп салып бериңиз". Былтыр дюшес ичип отурган видеосу менен интернет жылдызына айланган окуучу президентке кайрылды

 

Интернет желесине президент Садыр Жапаровго кайрылып, эки кабаттуу мектеп салып берүүсүн айткан окуучунун видеосу тарады. Анда окуучу президентке салам жолдоп, Балбай баатыр айылына жаңы мектеп салып берүүсүн өтүнүп жатканын көрүүгө болот.

"Садыр Жапаров, мына сиз президент болдуңуз. Биздин Балбай баатыр айылына эки кабаттуу мектеп салып берип койбойсузбу. Азыр мектебибиз көгөрүп, онлайн окууга өттүк. Жаңыдан жакшы окуп баштаганда кайрадан онлайн окууга өттүк. Онлайн. Ошо болмок беле? Давай, эки кабаттуу мектеп салып бериңиз, мектеп салсаңыз анан эл-журт сизди жакшы көрө баштайт", - деп айтып жатканын угууга болот.

Видеодо сүйлөп жаткан окуучу Бекболот Бактыбеков. Ал былтыр дюшес ичип отурган видеосу менен интернет жылдызына айланган. Тагыраагы, социалдык трамактарга 1-класстын окуучуларынын видеосу тарап, анда видеого тарткан жигит балдарды сөзгө тарткан. Окуучулардын бири "Ар бирибиз мусулманбыз, сүрөткө тартпачы, байке. Дюшести карызга алдык эле. Ошону төлөп коёсузбу?" деген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(5)
01.02.2021. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Молодец
01.02.2021. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат, онлайн окугандан тажап, мектепке баргысы келиптир,келечекте акылдуу, бактылуу болсун ушул бала, апасы да жок эле..
02.02.2021. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Депутат болчу бала экен
02.02.2021. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келечеги кең мекенибизге күйгөн мыкты уулдардан болосун
05.02.2021. 08:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаштар кимдерди кумир тута баштаганы билинип турат... Бакай, Сыймык дегендер коомдун жузу болбош керек.Мотуевден аран кутулсак экоо кыйкырып чыкты.Коом тарбиялууларды улгу тутуш керек.Жаш балдардын психологиясына чейин таасир берип атат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: