"Мен даярмын". Хабиб Нурмагомедовдун иниси UFC уюмунун президентине кайрылды
UFC уюмунун чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун иниси Умар Нурмагомедов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу беттешке даяр экендигин билдирип UFC уюмунун президенти Дана Уайтка кайрылды.
"Мен беттешке чыгууга кайрадан даярмын, #letmeknowwhen (качан өтөрүн билгим келет)", - деп хэштег жазып Дана Уайтка кайрылды.
25 жаштагы Умар Нурмагомедов 21-январда Абу-Даби шаарында өткөн "UFC Fight Island 8" турниринде казакстандык мушкер Сергей Морозовдун үстүнөн жеңишке жеткен. Бул жеңиш Нурмагомедовдун карьерасындагы 13-жеңиши. Анын карамагында бир дагы жеңилүү жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Мусулмандар көк муштум жагынан алдыда, билим жагынан, жашоо турмуш жагынан атта калган өлкөбүз.
Мусулмандар сын пикирди кабыл алганды билишпейт. Бир нерсени көбүнчө логикалык жүйөөлөр менен эмес, муштум аркылуу далилдегенди салт кылып алышкан.