Өткөн жылы Сузакта аймактык инспекторлор 5 кылмыш ишин ачып, 1 издөөдө жүргөн шектүүнү кармаган



Жалал-Абад облусунун аймагында милициянын участкалык инспекторлорунун 2020-жылы аткарган жумуштары жергиликтүү тургундардын талкуусуна коюлуп жатат. Бул жолку элдик жыйын Сузак районунун аймагында улантылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Барпы айыл аймагында болгон жыйынга Жалал-Абад ОИИБинин жетекчинин милдетин аткаруучу Нурбек Сыдыков катышып, жергиликтүү калктын суроо-сунуштарын угуп, жакынкы аралыкта чечүү тапшырмаларын койду.
"Күндүн экинчи бөлүгүндө Сузак айыл аймагын тейлеген кызматкерлердин жыл ичинде аткарган жумуштары жергиликтүү тургундардын талкуусуна коюлду. Бул жыйынга сотко чейинки өндүрүш иши боюнча орун басар Алмаз Кудайбердиев катышып, өткөн жыл ичинде ачылбай калган кылмыштардын бетин ачуу, кетирилген кемчиликтерди жоюу талабын койду. Элдик жыйын учурунда сөз сүйлөгөн тургундар 2020-жылкы пандемия дал ушул аймактан башталгандыгын, ал учурда милиция кызматкерлери өз өмүрлөрүн, ден соолуктарын тобокелге салып, калктын саламаттыгы үчүн, оорунун жайылуусунун алдын алуу максатында күнү-түнү блокпосттордо тыным албастан кызмат өтөшкөндүгүн белгилешти.
Сузак айыл аймагында 45 миңден ашуун калк жашайт. Бул аймакты 5 милициянын аймактык инспекторлору жана 4 жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тейлешет. Алар былтыркы жыл ичинде 5 кылмыштын бетин ачып, 10 кылмыштын бетин ачууга көмөк көрсөтүшүп, издөөдө жүргөн 1 кылмышкерди кармашкан", - деп жазылат маалыматта.
