super.kg logo

Орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйдын жубайына мыйзамсыз митингге катышканы үчүн айып пул салынды

 

Орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйдын жубайы Юлия Навальнаяга мыйзамсыз митингге катышкандыгы үчүн 20 миң рубль өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Басылмалардын маалыматына ылайык, Юлия Навальная бир күн мурда жолдошун жана башка саясий туткундарды колдогон мыйзамсыз (жол кыймылынын, жөө жүргүнчүлөрдүн ишине тоскоолдук кылган) митингге катышканы үчүн кармалган. Ага 20 миң рубль (22 миң 386 сом айланасында) өлчөмүндө айып пул салынды.

Буга чейин, 23-январда Орусиянын бир нече шаарларында оппозиционерди колдогон нааразычылык акциялары өткөн. Анда митингчилер укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен кагылышып, бир нече кылмыш иши козголгон. 3 миңден ашуун адам кармалган.

Белгилей кетсек, орусиялык оппозициячыл Алексей Навальный 17-январда Берлин шаарынан Москвадагы "Шереметьево" аэропортуна учуп келери менен кармалган. Андан соң анын камалышын сот мыйзамдуу деп тапкан.

Орусиянын аймактарында оппозиционер Алексей Навальныйды колдоо митинги 31-январда башталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: