super.kg logo

5 тонна шире, 5 миңдей коробка таттуулар... Бишкектеги кампалардын биринен аныкталган мөөнөтү өтүп кеткен азыктар жок кылынды

 

Бүгүн, 1-февралда Финпол тарабынан буга чейин аныкталган жарактуу мөөнөтү өтүп кеткен азыктар жок кылынды. Тагыраагы, 5 тонна табигый шире жана 5 миң кутудай кондитердик азыктар (токочтор, таттуулар) жок кылынды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Январь айында борбор калаадагы кампалардын биринен мөөнөтү өтүп кеткен кондитердик азыктардын ири көлөмү (таттуулар, печенье жана ар кандай таттуулар) аныкталган. Кампада таңгактарда чыгарылган күндү оңдош (өзгөртүш) үчүн мөөрлөр, ошондой эле иш жүзүндө жарактуулук мөөнөтү жок азыктар табылган. Мөөнөтү бүткөн азыктар бар, табылган кампага мөөр басылган.

"Бул факт боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Иш экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеевдин көзөмөлүндө. Ошол эле учурда Финансы полициясы республика боюнча ушул сыяктуу фактыларды аныктоого багытталган тиешелүү чараларды көрүүнү улантууда.

Урматтуу бизнес өкүлдөрү, эгерде сиз сатып жаткан азыктардын сактоо мөөнөтү өтүп кеткен болсо, талаптагыдай сапатка жооп бербей тургандыгын билсеңиз, пайда көрбөөгө жана элдин ден соолугуна коркунуч келтирбөөгө чакырабыз", - дешет мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
01.02.2021. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
5тоннанын баарын эмес 5кг эле жок кылган окшойсунар суротуно караганда, баарын жок кылсанар, баарын суротко тартып мактанат эленер
01.02.2021. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Аны убал кылбай фермаларга бербейсинерби
01.02.2021. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Финпол таппай эле НеСахардагы Эрулан таап чыккан. Финполду суйроп алып келсе кайра эле датасын озгорткондо дагы кармап алган.
02.02.2021. 06:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрулан Көкүлов молодец
02.02.2021. 07:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы фирманын таттуулары кошо жазсанар жакшы болмок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: