super.kg logo

"Бир партада 3 окуучудан отуруп окуп жаткандар бар". Баткендеги Чоң-Талаа айылынын тургундары көкөйгө тийген мектеп көйгөйүн көтөрүп чыгышты

 

Бүгүн, 1-февралда Баткен облусунун административдик мекемесинин алдына айыл тургундары чогулуп, бир катар көйгөйлөрдү айтышты. Анда көйгөй өтө эле көп экендиги, бирок алардын арасынан абдан маанилүү болуп турганы мектеп маселеси экени айтылды. Бул тууралуу Салам Медиа каналы чагылдырган маалыматта белгилүү болду.

Чогулган айыл тургундарынын айтымына караганда, Чоң-Талаа айылындагы мектеп Союз учурунда курулуп, учурда кооптуу абалда. 2020-жылы декабрь айында мектептин 4 корпусунун бири күйүп кеткен.

"Көйгөйлөр абдан көп. Бирок алардын ичинен эң актуалдуу болуп турганы мектеп көйгөйү. 2000-жылдан бери көйгөйлөр бийликтегилерге айтылып эле жатат. Тилекке каршы, жооп жок. Буга чейин бир нече бийлик өкүлдөрү келип кабар алып кетишкен. Бирок жыйынтык алигиче жок. Бир партада 3 окуучудан отуруп окуп жаткандар бар. Биз дагы балдарыбыздын билимдүү болушун каалайбыз.

Биздин Чоң-Талаа айылындагы мектептин окуучулары менен Баткендеги мектепте окуган окуучулардын билим деңгээли эки башка. Биздин айылдагы мектеп окуучуларынын билим деңгээли өтө төмөн. Себеби кошумча сабактарды окуй алышпайт.

Күйүп кеткен мектебибиз дагы 1971-1972-жылдары айыл түптөлгөндө адамдарга жатакана катары курулган имарат болчу. 1981-жылы үй мектеп кылууга берилген. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дагы бул мектепте окуганга болбойт деген тыянак чыгарган.

Окуучулар кооптуу абалдагы мектепте билим алып келишет. Бул убакка чейин тийиштүү мекемелерге кайрылып келгенбиз, бирок натыйжа жок", - деди айыл тургуну.

Ошондой эле айыл тургундары жаңы мектеп өрттөнүп кеткен мектептин ордуна эмес, башка жерге эки кабаттуу заманбап типте курулса деген ой-пикирлерин айтышты.

Облустук администрациянын өкүлдөрү мектеп көйгөйү боюнча керектүү документтер тийиштүү мекемелерге жеткирилгенин айтып, быйыл бюджеттен акча бөлүнсө жаңы мектеп салынып каларына ишенип жатканын айтып өтүштү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: