super.kg logo

Кувейт-Кыргыз аба каттамдарын жандандыруу мөөнөтү жылдырылды

 

Кувейт-Бишкек-Кувейт жана Кувейт-Ош-Кувейт жаңы аба каттамдарын ачуу мөөнөтү жылдырылды. "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан билдиришкендей, алгачкы каттам 2-февралга белгиленген Кувейт-Ош-Кувейт каттамы 9-февралга, ал эми Кувейт-Бишкек-Кувейт каттамы 5-февралдан 11-февралга жылдырылды.

"Аталган өзгөрүүлөр Кувейттин "Jazeera Airways" авиакомпаниясынын өкүлү Риза Аль Мусави менен "Манас" эл аралык аэропортунун төрагасы Бактыбек Сыдыков жолуккан соң анык болду. Мындан тышкары эки тараптын өкүлдөрү жаңы каттамдарды ачуу тууралуу актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Эпидемиологиялык кырдаал жөнгө салынгандан кийин каттамдардын саны көбөйтүлүп, аптасына 7 жолу учуу белгиленди. Ошондой эле Кувейт-Бишкек-Сиань каттамы боюнча учууларды ачуу пландаштырылып жаткандыгы кошумчаланды", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын март айында коронавирус эпидемиясынан улам "Манас" эл аралык аэропорту аба каттамдарды токтоткон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
02.02.2021. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аба каттамдарды кобойткуло
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: