Т.Мамытов:"Караколдогу митингдин лидерлерине кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүүлүдө"
Бүгүн, 8-октябрда Караколдогу митингдин катышуучуларынын 20дан ашыгы кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге КРнын Коргоо, коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министри Токон Мамытов билдирди. "Учурда митингдин лидерлери деп 20дан ашык жаран кармалды. Бирок алардын ичинен митингге тиешеси жок деп 6-7 жаран коё берилди. Алардын жөн гана көчөдөн өтүп баратып, кошулуп калышканы тастыкталды. Ал эми калган кармалган жарандардын үстүнөн кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат",- дейт Токон Мамытов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
19:51
2025-07-07

Рейтинг:
0

