super.kg logo

Мен көргөн бир күн: "Кыздын сан этинен куурдак жасаганы аныкталган. Үйгө жумушта көргөн окуяларды унутуп баргым келет"

 

Мындан ары SUPER.KG порталы ар бир кесиптин ээлеринин иш учурундагы башынан өткөргөн кызыктуу, өмүр бою эсинен кетпей турган окуяларын баяндайт.

Бул жолу бизге мындай баянды Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин ыкчам-криминалисти, милициянын майору Эрлан Мырзакеев айтып берет. Ал укук коргоо органында 2001-жылдан бери эмгектенип келет.

Бир жылдары Бишкекте баштыктарга бөлүк-бөлүк болуп салынган адамдын денеси таштанды челектен табылган. Окуя өлкөдө төгөрөктүн төрт бурчуна тарап, коомчулуктун үрөйүн учурган. Алгач адамдын денесин селсаяктар көрүп калып, милицияга кабар берген. Жаңы криминалист болуп иштеп баштаганда мындай окуялар түшүмө дагы кирчү деген каарманым жумуш учурундагы окуяларын баяндап берди. Азыр кызматкер жумушундагы болгон окуяларды унутканга аракет кылып, үйгө башка маанайда барганга аракет кыларын айтат.

"Канчанчы жылы экени так эсимде жок. Бишкектин Горький Панфилов көчөсүнүн ылдый жагында жайгашкан таштанды салган челектен баштыкка салынган адамдын денесинин бөлүктөрү табылган. Бизге чакыруу келип, дароо жөнөдүк. Аны ошол жерден селсаяк, таштандыны казып жатып адамдын колун таап алат. Ал коркуп кетип өтүп бараткан бир кишиге айтат. Анан алар милицияга кабар беришкен. Биз барып эле дене кыздыкы экенин аныктадык. Биздин жумуш манжанын изин алып, аты-жөнүн тактоого киришти. Биз болсо алынган маалыматтарды базага жибердик, ал жактан кыздын сойку экендиги аныкталып чыкты. Анан кылмыштын бети ачылды. Көрсө, Казакстандын жараны маркум кыз менен түнкү клубдан таанышыптыр. Андан ары үй жагына алып барып, батир ижарага алып, экөө чогуу ичип жашап жүрүшкөн. Мындай көрүнүш бир нече жолу кайталанган. Ошондой күндөрдүн биринде, бала мас абалда кызды өлтүрүп салган. Биз ал баланын үйүнө кароо жүргүзүп барганда ал кыздын сан эттеринен куурдак жасаптыр, газдын үстүндөгү мискейде турган экен. Анан акыры ал окуяны айтып берди. Текшерүүдөн өткөндө бала психикалык жактан жабыркап жүргөнү аныкталган. Ал эми кыздын денеси бир даректеги эле таштанды челектерден табылган".

"Ушул окуяны улай дагы бир окуя эсиме келди. Анда аялы күйөөсүн өлтүрүп, анын денесин ар кайсы жердеги таштанды челектерге ыргыткан. 5-кичи району жактан аны дагы селсаяктар көрүп калышкан. Ошол маркум кишинин башы Фучик көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жанындагы таштандыдан табылган. Аялы менен күйөөсү жакшынакай жашап жүрүшүп эле жаңжалдын айынан ушундай иш болгон. Кичинекей балдары бар экен. Кыз болсо медициналык окуу жайды бүтүп жаткан убагы болчу. Бул ишти тийиштүү жактарга өткөрүп бергенбиз", - деп эстеди Эрлан Мырзакеев.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(5)
02.02.2021. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эки үч болуп калды биздин кошуна айылдан да бир келин күйөөсүн тамак бышырган скавротка менен башка чап өлтүрүп апасын чакырып жүккө жыйып койушат бир эки күн өткөндөн кийин кечинде эл жатканда өлүктү чанага салып айылдын четине кетип атканда кармалышкан. Дубалдары да кан ошондо эле элдер шекшишкен ал вареня деп эле жолотпой коюшкан.
02.02.2021. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Nursul,ай ий адамдар мыкаачы келет. Кантип колу барды экен......
03.02.2021. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baku0730, күлкүлүүго бирок азыр деле ошол келинди көрсөм коркунучтуу көрүнө берет.
02.02.2021. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айиий чекеден маньяк азыр...
03.02.2021. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошон учун айтышатда олуктон эмес тируу жандан корк дешип
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: