super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Атамды кечирейинби?"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Атамды кечирейинби?..." деген тема талкууга алынган.

Автордон: Мен өзүм жөнүндө айтсам жашым он сегизде. Мындан 18 жыл мурун атам мени кыз болуп төрөлүп калганым үчүн апам экөөбүздү таштап, уул төрөй турган кызга үйлөнүп кеткен экен. Апам байкуш мени кучактап кала берген. Апамдын азыр үй-бүлөөсү бар. Өгөй атам экөөнүн ортосунда 5 уулу бар. Кудайга шүгүр, бактылуу эле жашап жатышат. Атам апамдан кийин 3 жолу үйлөнүптүр, бирок уул эмес кыздуу да болбоптур. Атам азыр 4-аялы менен жашап жатат. Кече мага келиптир кечирим сурап. Сени окутам, эмне десең кылам мени менен жаша, апаңдын үй-бүлөөсү бар экен. Сен менин жалгыз кызымсың, убагында ката кылган экенмин эми өкүнүп жатам дейт. Бир убакта кызың мага керек эмес мага уул керек деп чанып кеткен атамды кечирейинби же кечирбейинби? Мага өз кеңешиңерди берип кетсеңиздер. Алдын-ала чоң рахмат.

Пикирлер: "Жаңылбас жаак мүдүрүлбөс туяк болбойт карындаш. Өз атаң болгондон кийин кечирип койгонуң туура. Атага зар болуп жүргөндөр толтура. Атакең дагы жакшы адам экен "кызым" деп кечирим сурап келип жатса алдыңа".

"Кудайдын жазасы. Кечириңиз, эмнеси болсо да кыз бала үчүн атанын ролу абдан чоң".

"Ата баарыбир ата... Ата баланын алдында болгон милдеттерин аткарбаса да, бала аткарууга тийиш. Чубак ажы менен жолугушууда да ушундай суроо берилди эле".

"Автордун соболуна баары кечир дешиптир, бирок кантип жашайт, кечиргени туура бирок чогуу жашоо мүмкүн эмес, айрыкча кандай адам экенин билбей туруп ушул заманда".

"Жараткан бизди, моюнубузда толгон күнөөлөрүбүзгө карабай кечирип жатканда, сен кечирбей койгудай ким болуп кетиптирсиң...Кечиримдүү бол! Пенде адашуучу".

Талкууга кошулуу үчүн бул жерди басыңыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
02.02.2021. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура,адам ката кылат. Катасын кечирээк түшүнөт,бирок кеч болуп калат. Но зато эчтен көрө кеч болсо да түшүнүптүр. Кечириңиз,колунан келген жардамын кабыл алыңыз. Кечиримдүү болуу керек. Мисалы менин кайнатам баласы 8 айлык болгондо ажырашкан. Вообще каралашкан эмес, азыр жанында кошуна болуп жашайбыз, келип кандайсыңар деп акыбал сураганга жарабайт. Болбосо ошол көчөдө эң бай,эң миллионер ошол. А биз квартиранпыз:))) ушундай до с тех пор түшүнө албаган, даже түшүнгүсү келбеген аталар бар.
AykaMer түзөттү 2021-02-02 11:58:29
02.02.2021. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сен шүгүр кылышың керек,сага берилген дагы бир шанс бул. Ошол шансты пайдаланып кал....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: