super.kg logo

Ошто 8 баш жылкы уурдап жаткан жеринен шектүүлөр кармалышты

 

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда 8 баш жылкы уурдап бара жаткан жарандар колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-январь күнү саат 22:00 чамасында Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагынын Жаңы-Турмуш айылынын тургуну 40 жаштагы М.Т.нын ошол эле айылда сегиз баш жылкысын белгисиз жарандар уурдап бара жаткан жеринен кармалышып, тергөө кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Тергөө мезгилинде, аталган кылмышка шектүү катары Ош облусунун Өзгөн районунун Кароол айыл аймагынын 29 жаштагы Б.И. аттуу тургуну өзүнүн 28 жаштагы бир тууган иниси болуп аталган кылмышты жасашкандыгы аныкталган. Тергөө амалдары жүргүзүлүп, бул кылмышка шектүүлөрдүн мындан башка кылмыштарга катышы бар же жоктугу текшерилүүдө", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
02.02.2021. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ош область карасуу районуна караштуу Катта Талдык айыл окмотуно караштуу Жаны турмуш айылында деп туура жазгыла......отуз адырга кирбейт жаны турмуш
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: