super.kg logo

"Мьянма-Кыргыз өлкөсү беттеши өтөбү?". Мьянма армиясы башка өлкөлөр менен болгон аба каттамды жапканы айтылууда

 

Дүйшөмбү күнү Мьянмада бийликке келген армия ошол эле күнү Мьянма менен эл аралык аба каттамдар ушул жылдын июнь айынын башына чейин токтотуларын билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Мьянмадагы ар кандай окуяларга байланыштуу кабыл алынган документте Мьянма аэропортторунан бардык эл аралык учуулар жана конуулар 2021-жылдын 31-май күнү саат 23:59га чейин (Бишкек убактысы боюнча 23:29) токтойт.

Ошол эле учурда Мьянманын аэропортторуна эл аралык каттамдарды токтотуу боюнча бийликтен эч кандай буйрук келе элек. Мьянмадагы чет элдик элчиликтер өз өлкөлөрүнүн жарандарына 30-апрелге чейин эл аралык каттамдар токтотулгандыгы жөнүндө кабарлашкан.

Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Мьянма-Кыргыз өлкөсү беттеши 30-мартта Мьянманын Мандалай шаарындагы 30 миң көрүүчү жайгаша турган "Mandalar Thir" стадионунда өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: