super.kg logo
  Саясат  

Улукбек Марипов: "Биз сунуштаган өкмөттүн курамында 8 министр ордунда калып, 8 министр жаңы кошулду"

 

Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңеште Улукбек Марипов жетектеген өкмөттүн жаңы курамы каралып жатат. Көпчүлүк коалиция тарабынан премьер-минстрликке көрсөтүлгөн Марипов баяндама жасап, өкмөт мүчөлөрүнө кимдерди сунуштай турганын айтууда.

Мариповдун айтымында, өкмөт мүчөлөрүнүн саны 16га кыскарды.

"Өкмөттүн программасын жана курамын расмий түрдө алдыңыздарга бердик. Эгерде ушул курам толук бекиле турган болсо аткарыла турган эң негизги маселелерге токтолуп кетейин. Программа бугүнкү күндөгү саясий-экономикалык абалды эске алуу менен кабыл алынды. Эң негизги маселе кышка даярдык. Андан кийин ковид илдетинин 3-толкунуна каршы даярдык көрүү. Андан сырткары жазгы талаа иштери сыяктуу эң приоритеттүү маселелерден ишибизди баштайлы деп турабыз. Бүгүн комитет, эртең жалпы жыйында бизди колдоп берсе жооопкерчиликти толук моюнубузга алганга даярбыз.

Мурда 22 өкмөт мүчөсү болсо, биз сунуштап жаткан өкмөттүн курамы 16га кыскарды. 8 жаңы, 8 иштеп жаткан өкмөт мүчөсүн алдыңыздарга сунуштап жатабыз", - деди Марипов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: