super.kg logo
  Саясат  

Депутат Өмүркулов өкмөттүн жаңы курамы тууралуу: "Радикалдуу реформаларга барып жатасыздар"

 

Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында өкмөттүн жаңы курамы сунушталып жатат.

Анда депутат Иса Өмүркулов радикалдуу реформалар болуп жатканын айтты.

"Аябай радикалдуу реформага барып жатасыңар. Бул жерде кооптуулук да бар. Реформаңар үлгүлтүксүз иштеш керек. Экономикада эртең кандай маселе пайда болот ошону бүгүнкү иштеп жаткан министрликтердей чечилиши шарт. Ошон үчүн даярдык көрүш керек. Ошонун баарын тең туура пайдаланып, эффективдүүлүгүн кароо зарыл. Энергетика боюнча эң орчундуу көйгөй. Энергетика министрлигинин функциясы кандай болот?" - деп сурады депутат.

Марипов: "Бул экономикалык блок боюнча өзүм көзөмөлдөйм, керт башым менен жооп берем. Толук кандуу бюджеттин аткарылышы жана башка маселелер кандай болот? Тыкыр изилдеп бул маселени жойгонго аракет кылабыз. Энергетика боюнча чоң көйгөлөр бар. Бул тармактагы көйгөйлөрдү чукул чечишибиз зарыл", - деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: