super.kg logo

"АЮ Грандкомфорттогу" калкты тейлөө борбору убактылуу иштебейт. Жарандар кайсы жакка кайрылса болот?

 

Бүгүн, 2-февралда Бишкек шаарындагы "АЮ Грандкомфорт" соода борборунда жайгашкан Калкты тейлөө борборунда өрт чыккандыгына байланыштуу мекеме убактылуу иштебейт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Өрт чыккандыгына байланыштуу "АЮ Грандкомфорт" соода борборундагы калкты тейлөө борборунун иши үзгүлтүккө учурады. Кызмат көрсөтүү үчүн жарандар башка калкты тейлөө борборлоруна кайрыла алышат", - деп жазылат билдирүүдө.

Башка калкты тейлөө борборлору төмөнкү даректерде жайгашкан:

1. 12-кичи району, Нуркамал Жетикашаева 29 көч. (Маданият сарайынын имараты); 2. Жаш Гвардия бульвары 4 (Бөкөнбаев көчөсү менен кесилишет); 3. Ауэзов 1/5 көч. ("Два прораба" имараты); 4. Садырбаев 107 көч. (Ахунбаев көчөсү менен кесилишет); 5. Тоголок Молдо 21 көч. (Фрунзе көчөсү менен кесилишет).

Буга чейин "АЮ Грандкомфорт" соода борборунда жайгашкан Калкты тейлөө борборунда өрт чыккандыгы кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: