Алмазбек Бейшеналиев: "Илим тармагына көңүл бурулбаса, башка тармакка салым кошуу опурталдуу болуп турат"
Жогорку окуу жайларында илим тармагын жандандыруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев бүгүн, 2-февралда өтүп жаткан Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди. Айтымында, жүргүзүлгөн иш-чараларга карабай, азыркы тапта илим тармагы опурталдуу абалга кептелген.
"Азыр биз активдүү түрдө ЖОЖдордо илим тармагын жандандырчу иш-чараларды өткөрүп жатабыз. Жалпы бюджеттен 0,01 пайыз гана илим тармагына акча бөлүнөт.
Жалпы илим депортаментине 160 миллиондун тегерегинде гана проектилерге акча бөлүнгөн. Андан сырткары Илимдер академиясында 350 миллион өздөрүнүн каражаты бар. Негизи илим тармагына өзгөчө көңүл бурулбаса, анда бардык тармаккка бул тармактын салым кошуусу опурталдуу болуп турат", - дейт Бейшеналиев.


1 |