super.kg logo
  Саясат  

"ИИМдин курамына кошулбай, өз алдынча иштеш керек". Ардагерлер союзу Финполдун жоюлушуна каршы

 

Биз Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын жоюлушуна каршыбыз. Мындай пикирин аталган мекеменин ардагерлери маалымат жыйынында билдиришти.

Ардагерлер союзунун төрагасы Мирбек Усебаевдин айтымында, Финпол ИИМдин курамына кошулбай, өз алдынча иш алып барууга тийиш.

"Укук коргоо органдарынын ичинен эң алгач реформаны баштаган - Каржы полициясы. Бул кызматты жаңы өкмөттүн Ички иштер министрлигинин курамына кошуу чечими тууралуу кабар финполдун ардагерлерин абдан капа кылды. Мындай кызмат айрым мамлекеттерде жабылган. Бирок коңшу Казакстан 1 жума мурда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү агенттиги деген аталыш менен кайрадан ачышты.

Финпол биздин өлкөбүзгө да керек. ИИМдин курамына кошулбай, өз алдынча иштеши зарыл. Бул кызмат 3 миллиард сомдон ашык каражатты мамлекеттин бюджетине кайтара алды. Акыркы күндөрү мурдагыдан да активдүү иштеп жатат. Биз муну менен сыймыктанабыз. Ошондуктан Финполдун 200дөн ашык ардагери аталган кызматтын жоюлушуна каршы болуп, Каржы полициясын сактап калууну суранып жатабыз ", - деди Усебаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: