Алмазбек Бейшеналиев Эл аралык билим берүү саммитине катышты




Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Дүйнөлүк Билим берүү форуму жана Индия Дидактикалык Ассоциациясы тарабынан уюштурулган Эл аралык билим берүү жана чеберчилик саммитине катышты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Дүйнөлүк Билим берүү форумунун директору Доминик Севаж жана Coursera онлайн билим берүү платформасынын аткаруучу директору Жефф Мажионкальда менен “Келечекти ойлой турган болсок, предметтердин ортосундагы баланс жана интеграциянын үстүндө көбүрөөк иштешибиз керекпи?", "Чыныгы көйгөйлөргө жооп табуу үчүн окуунун бардык тармактарын колдонуп, андан соң маданий, географиялык чектөөлөрдү алып контекстке негизделген чечимди таба билүү мүмкүнчүлүгүн бекемдөөгө окуучуларды кантип шыктандырсак болот?” деген суроолордун үстүндө талкуу жүргүзүшкөн.
Анда Бейшеналиев азыркы глобалдашкан дүйнөдө билим берүүнү санариптештирүүдөгү көркөм өнөрдүн жана улуттук баалулуктардын, иденттүүлүктүн маанилүүлүгү тууралуу пикири менен бөлүшкөн.
"Саммиттин жүрүшүндө билим берүүдө онлайн жана реалдуу окутуу формаларынын, көркөм өнөр жана илимди айкалыштыруунун орду жана башка актуалдуу маселелерди талкууладык. Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен катышуучу уюмдардын өз ара көп тараптуу кызматташуусун сүйлөштүк", - дейт Бейшеналиев.


Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:48
2025-08-03
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.