super.kg logo

Чүйдө баасы 200 миң сомдон ашык турган кабелди уурдоого шектүү кармалды

 

Чүй облусуна караштуу Жайыл районунда кабел уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-январь күнү болжол менен саат 02:00 чамаларында Жайыл РИИБине Кара-Балта шаарындагы көчөлөрдүн биринде уурулук фактысы болгону тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене "Уурдоо" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

"Аталган маалыматтын негизинде тергөө тобу окуя болгон жерге чыгышкан. Териштирүү учурунда белгисиз бирөө телефон компаниялардын биринин имаратынан кабелин уурдап кеткени маалым болгон. Келтирилген материалдык чыгым 110 миң сомду түзгөн.

Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 15-январь күнү ушул сыяктуу дагы бир факты болгону аныкталган. Анда баасы 100 миң сомдон жогору кабел уурдалганы аныталган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзулгөн тергөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 27 жаштагы А.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда шектүүнүн дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: