super.kg logo

Испанияда төрт күндүк иш күнүн киргизүү күтүлүүдө

 

Испания өкмөтү 4 күндүк иш аптасын киргизген пилоттук программасын жактырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, 3 жылга созулган долбоорго 50 миллион евро сарпталат. Ошондой эле долбоор алгач бир нече компанияларда ишке ашырылат. Андан соң долбоор ийгиликтүү ишке ашса этабы менен масштабдуу түрдө 4 күндүк иш күнүнө өтүшөт.

Өкмөт иш күнүн (жумуш убактысын 40 сааттан 32 саатка кыскартуу менен баштагы айлык маянаны сактап калуу) кыскарткан компанияларга каржы тарабынан көмөк көрсөтөт. Ошол эле учурда компаниялар каржылык жактан туруктуу болуш үчүн төлөмдөр акырындап кыскарат.

Аталган демилгени "Más País" левоцентристтик партиясы көтөрүп чыккан. Алардын айтымына караганда, долбоор кызматкерлердин ден соолугун чыңдоого жардам берет жана мындан компаниялардын кирешелери азайып кетпейт. Эми өкмөт кайсы компанияларга төрт күндүк иш күнүнө уруксат бериши керек экендигин аныкташы зарыл.

"Долбоордун максаты - иш күнүн кыскартуу менен компаниялардын кирешелерин азайтпастан, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу. Жүз жыл мурун 8 сааттык иш күнүн эч ким элестете алган эмес, бирок Испания дагы жакшы иштеши керек", - деген "Más País" партиясынын лидери Иньиго Эррегон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: