Милициянын кайгуул кызматынын 10 кызматкери сыйланды




Милициянын кайгуул кызматкерлери татыктуу кылган кызматы үчүн сааттар менен сыйланышты. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милициянын кайгуул кызматынын 10 кызматкери Бишкек шаарында коомдук коопсуздукту сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо кошкон зор салымы үчүн Бишкек ШИИББи боюнча милициянынын кайгуул башкармалыгынын атынан портфель жана сааттар менен сыйланышкан.
"Сыйлыктарды Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын башчысы Алмазбек Исаков ыйгарды. Ал мындан арыда кесиптик чеберчиликти үлгүлүү көрсөтүү менен элге татыктуу кызмат кылууга тилектеш экендигин билдирди", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:48
2025-08-03
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.